Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 12:26
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Рекорддук көрсөткүч. Дарыгерлердин арасында коронавирустун жаңы 22 учуру катталды

15.06.2020 10:32
1218
Рекорддук көрсөткүч. Дарыгерлердин арасында коронавирустун жаңы 22 учуру катталды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, бир сутканын рекорддук көрсөткүчүнө жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде билдирди.


14-июнга карата ак халатчандардын арасында 9 учур катталган.


Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош шаарында – 5 жана Ош облусунда – 2 медиктен илдет табылды


Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылып, оорудан сакайгандардын жалпы саны 354 дарыгерге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн