Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Рэп окуган спорт чебери, улук лейтенант Акылбек Темиров тууралуу кызыктуу баян

17.08.2020 16:36
1143
Рэп окуган спорт чебери, улук лейтенант Акылбек Темиров тууралуу кызыктуу баян


Темиров Акылбек Нурмухамедович, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 атайын багытындагы аскер бөлүгүнүн дене-тарбия жана спорт боюнча офицери, улук лейтенант. ИИМдин басма сөз кызматы улук лейтенанттын эмгек жолу тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайт. 


Акылбек Темиров аскер кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы да, апасы да аскер кызматкерлери. Ата жолун жолдоп Акылбек да аскер кызматкери болуп алган. Атайын багыттагы аскер бөлүгүнө тандалган кызматкерлер иштеп келет эмеспи, ал да өзү спорт жаатына көп көңүл бургандыктан, бул жерге тандалып калган. «Спорт ден-соолуктун булагы» дегендей ал 2-класстан бери спортко кызыгып келет.


Азыркы учурда спорттун беш түрүнөн чеберликти толтурган. Алсак, аралаш мушташуу, каратэ, кармаш урушу, грепплинг жана бокс боюнча.  Алардын ичинен каратэ менен кармаш урушу жаатында кара курдун да ээси. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей Акылбек жан дүйнөсүн музыкага да арнап жүрөт. Бош убактысы боло калганда  «Рэп» окуганга да жетишип калат.


Акылбек “жан дүйнөңө жакыны китеппи же музыкабы?” –деген соболго  “Жан дүйнөмдү музыка менен китепти бирдей алып жүрөм. Анткени мен рэп окугандыктан китептен алган көп акылды музыкага салып ырга айлантканга пайдаланам десем болот. Рэптин түшүнүгүн айта кетсем «Ритм жана поэзия» деп айтылат. Өзүңдүн жан дүйнөңдү риторикалык музыка менен билдирүү десек да болот. Ар бир адам, өзгөчө аскер кызматкери дайыма өзүнүн ички дүйнөсүн толтуруш керек. Аны толтуруш үчүн өзүнө көңүл буруу зарыл. Өзүңдү ар дайым моралдык жана психология жактан түз алып жүрүү үчүн өзүңө өзүң мотивация берип туруш керек. Мен дайыма өзүмө  «Сыртынан ак болуп, ичинен кара  болгончо, сыртынан кара болсо да ичинен ак болгон жакшы» деген мотивация берип келем. Андан башка аскер кызматкеринин милдетине дайыма ден-соолукту чың алып жүрүү жана сабырдуулук кирет", - деп жооп берди.


Ички аскерлердин атайын багыттагы бөлүгү дагы карантин учурда шаардын көчөлөрүндө кайгуулда болушса, карантиндик абал алынгандан кийин санитардык посттордо кызматын улантып келишкен. Акылбектин айтымында санитардык посттордо турган кезде көбүнчө жарандар милиция жана аскер кызматкерлеринин коюлган талабын аткарып жатышкан. Азыркы учурдагы элибиздин тартипке баш ийип, милиция кызматкерлери тарабынан жарандардан талап кылынган тартипти сактап келиши бул ички иштер органдарынын эл арасында орду бар экендигин белгилеп турат. Элибиз тынчтыкта жана тартипте жашаса биздин милиция да тынчтыкта иш алып барып турат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн