«Республика» партиясынын депутаттыкка талапкерлери өлкө боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, кезек Ысык-Көл облусуна келди. Каракол, Балыкчы шаарларынын, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорунун тургундары талапкерлерди жылуу тосуп алышып, шайлоо программасынын артыкчылыктары менен таанышышты. Учурдагы парламенттин, өкмөттүн сапатсыздыгы жөнүндө сөз алган «Республиканын» лидери Мирлан Жеенчороев, олуттуу өзгөрүүлөр Жогорку Кеңештен башталаарын айтты:
«Алтынчы чакырылышта элдин көйгөйүн көтөрүп, маселелерди кабыргасынан койгон аз эле депутаттар болду. Алардын арасында көпчүлүгү «Республика» партиясынын өкүлдөрү болду. Биз сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок, басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программабыз да айтып жатабыз, депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз. Биз дагы жобо киргизип жатабыз, эгерде татыктуу эл өкүлү эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алабыз. Бул боюнча концепцияга өзгөртүү киргизебиз. Ошондо иштебеген, кнопка баскыч депутаттары жумуштан алып салса болот» деп «Респулика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев Ак-Суу районунун жашоочуларына айтып кетти. Аны менен бирге партиянын программасында эгерде эл өкүлү 5 күн жыйынга себепсиз келбей калса мандатынан ажыратуу каралган", – деди партиянын лидери.
Депутаттыка талапкер, Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Казакбаевдин айтымында, башка партиялар үчүн шайлоо – бул акча таратуунун, эки жүздүүлүктүн, шылуундуктун жарышы:
«Биз бул провокацияга макул болбойбуз! Эки жүздүүлүккө, арамзалыкка, элди алдоого жол бербеш керек. Жакында Бишкекте, Ошто жана башка чоң шаарларда паспорттордун көчүрмөлөрү алынып, форма-2 деп райондон районго таашылып жатат. 500, 1 000 сом таратылып, добушунарды бергенден кийин дагы 1 000 беребиз деп убадалап жаткан учурлар болгон. Касиеттүү кыргыз элдин ар-намысын, эркиндигин эч ким эч качан сатып алалбайт! Добушунарды сатпагыла!», - деп Казакбаев чакырды.
Андан сырткары, Руслан Казакбаев бийликке умтулуп жаткан бандиттерге жана коррупционерлерге жол бербеш керектигин басмалап кетти. Азыркы шайлоодо кыргызстандыктар татыктуу партияларга добуш берүүгө зарыл.
Учурда эл менен бетме-бет жолугуп, туз суйлошуп, программаларын түшүндүрүп бергендин ордуна эч кимге байкатпай акырын келип, акча сунуштап добуш чогултуунун ыплас бирок оңой жолун тандап алгандар бар. Алар буга чейин элдин акчасын жеп, эми дагы 5 жыл жеш үчүн кайра элди сатып алганга аракет кылып жатат. Алардын арам оюн ишке ашырбай токтото турган бул эл экенин «Республика» партиясынан лидерлери Бостери айылында Ысык-Көл районун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтышты.
Ошондой эле, Узар Жылкыбаев элди миң сом, эки миң сом үчүн абийирди сатпоого үндөп, ысык-көлдүктөргө жана башка партиялардан чыккан талапкерлерге да кайрылды.
«Мен партиянын эсебинен каражат бөлүп облустук телевидениенин бир саатын алайын, келгиле ушул облустан чыккан талапкерлер теледебатта түз сүйлөшөлү»,-деди.
Анын айтымында Ысык-Көл облусунан чыккан талапкерлерге буга чейин бул сунуш менен кайрылган, бирок баары качып келбей жатат.
«Добуш берчү кишилер силерди көрсүн, таанысын, эл өкүлү болгонго билими жетеби, тажрыйбасы жетеби, эл таразаласын деп айтып жатам. Бирөөсү да макул эмес. Кээ бири телефон чалып ал жакта сиз менен кантип талашабыз деп ачык эле айтып жатат. Мени менен талашып кереги жок. Позициянарды көрсөткүлө, программанарды алып чыгып эмне иш кылаарынарды айтып бергиле дейм. Жок, баары качып келбей жатат дейт»,- Жылкыбаев. Дагы да болсо шайлоо күнүнө чейин облТВда түз эфирде дебатта башка партиянын облустук лидерлери менен жолугушууга үмүтү бар экенин жашырган жок.
«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин түзгөндүктөн, «Республика» партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.
***Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. "Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн