Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

“Республика-Ата Журт” фракциясы өз ишинин жыйынтыгын чыгарды

05.06.2020 14:13
913
“Республика-Ата Журт” фракциясы өз ишинин жыйынтыгын чыгарды


Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын депутаттары бүгүн, 5-июндагы жыйынында фракция депутаттары тарабынан демилгеленип кабыл алынган мыйзамдардын жана 2018-2020-жылдар аралыгындагы отурумдарынын чечимдерин ишке ашыруу багытында өкмөт тарабынан жасалган чаралар тууралуу маалыматты укту.

 

Анда фракция лидери Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы “Республика-Ата Журт” фракциясынын ишинин жыйынтыгын чыгарды.

 

Сиздер билгендей биз 2015-жылы “Реформа” аталышындагы 15 демилгеден турган шайлоо алдындагы программабызды сунуштаганбыз. Бүгүнкү күнгө карата биз 13-15 өзүбүзгө алган милдетти ишке ашырдык. Анын ичинен алты мыйзам, Жогорку Кеңештин эки токтому, өкмөттүн программасына төрт сунуштама даярдалып, андан тышкары 2018-2040-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жеткиликтүү медицинанын өнүктүрүү боюнча бир сунуш киргиздик”, – деди депутат.

 

Ошондой эле фракция мүчөлөрүнүн айрым мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, “Соттук-укуктук реформалардын алкагында биз соттордун ишинин ачык-айкындуулугун көтөрүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизип, соттордун телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, алардын калпын чыгаруу детекторунан өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түздүк. Жыйынга катышып жаткан Соттук департаменттин башчысы киргизилген жаңы ыкмалардын натыйдасы тууралуу айтып бере алат. Баарыбызга белгилүү, VI чакырылыштагы парламенттин ишмердүүлүгүнүн алгачкы мезгилдеринде депутаттарга каралган айрым артыкчылыктардын максатка ылайыктуулугун аныктоо багытында талаштар арбын болду. Азыркы тапта кызматтык унаалардан жана жардамчылардан баш тартуудан келип чыккан үнөмдөөнүн көлөмү 100 млн сомдон ашууда”, – деди ал.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн