Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Республика боюнча 1-2-сорттогу ундун баасына чектөө белгиленди

17.03.2020 17:09
660
Республика боюнча 1-2-сорттогу ундун баасына чектөө белгиленди


Өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 жана 2-сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт. Чектөөнү бузгандар Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.


Социалдык маанидеги товарлардын башка түрлөрү боюнча учурда талдоо жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада шекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн