Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Республика боюнча 30 миңге жакын дарыгер иштеп жатат

07.08.2020 13:28
1172
Республика боюнча 30 миңге жакын дарыгер иштеп жатат


Саламаттыкты сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун статистикасы боюнча, учурда 29 миң 504 медициналык кызматкер иштеп жатат.


Министрликтин адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова онлайн брифингде билдиргендей, дарыгерлердин саны 7326 (53%ды түзөт), орто медперсонал - 16407 (40%), кенже медперсонал – 5771 (46%). Алардын ичинде тобокелдик тобундагылар 10-14%ды түзөт, 10-12%ы сыркоого байланыштуу, эмгек өргүүдө, бала багууда жана башкалар. 


«Мындан сырткары, республиканын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординатурасын бүтүргөн 169 адам бөлүштүрүлдү. 175 адиске “Дарыгердин депозити” программасынын негизинде кварталда бир жолу финансы каражаттары төлөнүп берилет. Бишкек медициналык колледжин бүтүргөн 70 адис Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн”, - деп билдирди Айгүл Бообекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн