Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Республика боюнча 847 эмдөө пункттары уюштурулду

Республика боюнча 847 эмдөө пункттары уюштурулду

Республика боюнча 847 эмдөө пункттары ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.


«Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык 847 убактылуу эмдөө пункттары мамлекеттик билим берүү, муниципалдык мекемелерде, спорт аянтчаларында, соода борборлорунда жана башка жерлерде ачылып, тиешелуу имараттарды зоналаштыруу, суу менен камсыз кылуу жана канализация, желдетүү, өрт коопсуздугу, жарык берүүну узгултуксуз камсыз кылуу маселелери чечилди»- деп деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакашова Жылдыз Кемеловна. 

 

Убактылуу эмдөө пункттары: 

 

- мамлекеттик медициналык мекемелер - 599,  

- жеке медициналык мекемелер - 10,  

- жалпы билим берүү мекемелери - 100,  

- соода жана көңүл ачуу мекемелери - 12,  

- маданий жана спорт мекемелери - 12,  

- базарлар - 30,  

- мобилдик топтор - 84. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн