11-апрелде өтө турган 420 айылдык кеңешке шайлоодо, ар бир шайлоо округундагы аялдар мандаттарынын 30 пайызы сакталган. Бул тууралуу БШК билдирди.
Бул чара мыйзам тарабынан жергиликтүү шайлоо өнөктүгүнө аялдардын катышуусун күчөтүү максатында киргизилгени такталды. Бүгүнкү күндө алардын өкүлчүлүгү 10 пайызга жетпейт.
Алдыдагы шайлоодо шайлоо округдарындагы аялдар үчүн 2943 орун сакталып калды, аларга 5383 талапкер көрсөтүлдү.
Орточо эсеп менен алганда 1 мандатка 2,5 талапкер ат салышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн