Кыргызстандагы бардык мектептер 24-декабрга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулар онлайн окутуу режимине өтөт.
"Бүгүн бизге Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы келди. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жогорку чекке жеткен. Буга байланыштуу биз республикадагы бардык мектептерди 24-декабрга чейин онлайн окутуу режимине өткөрөбүз",- деди министрдин орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн