Кыргызстанда коменданттык саат киргенден тарта 2472 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалган.
Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптарын бузгандыктары үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип коё берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн