Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Республика боюнча коронавирустун аныктала элек булактары бар, - Үсөнбаев

05.06.2020 10:53
1035
Республика боюнча коронавирустун аныктала элек булактары бар, - Үсөнбаев


Бүгүнкү күндө да республика боюнча коронавирус илдетинин булактары толук аныктала элек. Бул тууралуу 5-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

“Беткап тагуу маселеси өтө курч мааниге ээ болот. Бүгүнкү күндө да республика боюнча илдеттин булактары аныктала элек. Беткап тагып, аны чечпей жүрүү жагында иш алынып барат. 8 миңден ашуун адам үй карантининде турат, алардын арасында тартипти бузгандар да бар. Алар башкалар менен байланышканы белгилүү болууда. Беткап такпай, тартипти сактабай жатышат, бүгүнкү күндө байланышта болгондор көбөйүп кетти. Өткөн суткада каза болгондор байланышта болгондор. Медицина кызматкерлеринин арасында да байланышта болуп, аны этибарга албай жатат. Күч түзүмдөрүнүн арасында да байланышта болгондор 20-30дап чыгууда”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн