Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Республика боюнча милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет, - Зулушев

31.01.2024 13:41
179
Республика боюнча милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет, - Зулушев


2023-жылы милиция кызматкерлерине жашыруу боюнча 11 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, анын жеке кабыл алуусунда болгон жарандар көбүнчө ички иштер органдарынын ишине нааразычылыктарын билдиришет.

"Негизинен маселе арыз жазууда, аны сапаттуу каралышында жана кылмыштын кыскартылышынан келип чыгат. Бүгүнкү күндө прокуратура органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 77 кылмыш иши козголду, анын ичинен мыйзамсыз жоопкерчиликке тартуу - 21, кызматтык кыянатчылык - 43, жашыруу - 11, жоопкерчиликке тартпоо - 2", - деди ал.

Ошондой эле башкы прокурор мындай текшерүүлөр жалпы республика боюнча жүргүзүлөрүн белгиледи.

"Жаңы кодекске ылайык, эгер кылмыш жасалса жана жаран арыз менен кайрылса, иш катталышы керек. Бул бөлүктө көптөгөн бузуулар бар. Буга тиешеси бар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат жана бул милиция кызматкерлерине гана эмес, прокурорлорго дагы тиешелүү. Анткени аларга карата көзөмөл начар", — деди Зулушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн