Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Республика боюнча "Мыкты Боз үй" кароо-сынагы өтөт

15.09.2021 14:39
1655
Республика боюнча "Мыкты Боз үй" кароо-сынагы өтөт

Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык VI фестивалынын алкагында “Мыкты Боз үй” кароо-сынагы өтөт.  Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу жана эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында, VI Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты Боз үй” кароо-сынагын өткөрөт. 


Сынактын негизги максаттары


• Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо;

• Кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, жайылтуу;

• Көркөм кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды массалык маалымат каражаттары аркылуу даңазалоо;

• Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу жана пропагандалоо.


Сынактын жумушчу органы


* Сынактын жумушчу органдары Уюштуруу комитети жана Калыстар тобу болуп саналат. Уюштуруу комитетинин түзүмү башкы уюштуруучунун өкүлдөрүнөн жана тартылган көз карандысыз эксперттерден түзүлөт; Калыстар тобу көз карандысыз эксперттерден түзүлөт жана алар тарабынан коюлган баалардын негизинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.


Сынакка катышуунун шарттары


* Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана чеберлердин жаш-курагы, улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат. 

* Сынакка буга чейинки эпос фестивалына катышкан боз үйлөр катыша албайт. 

* Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат. 

* Сынактын катышуучулары Уюштуруу тобуна “Билдирме-анкетасын” (Тиркеме №1) 2021-жылдын 20-сентябрына чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (3-кабинет) дарегине тапшыруусу зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. 

* Сынактын катышуучуларына сынакка катышууга жолдомо алгандыгы тууралуу уюштуруучулар тарабынан “Билдирме-анкетасында” көрсөтүлгөн телефон аркылуу маалымдалат.

* Сынакка катышууга кабыл алынган боз үйлөр 22-сентябрь күнү күндүн биринчи жарымында түшкү саат 12.00 гө чейин Бишкек шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында орнотулат;

* Тигилген боз үйлөр сыныктын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин гана чечилет.

* Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.


Сынакты өткөрүү тартиби


• “Мыкты Боз үй” кароо-сынагы 2021-жылдын 22-сентябрынан тартып 25-сентябрына чейин Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдында өткөрүлөт. 


Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо


- Сынактын жеңүүчүлөрүнө 1- 2- 3-орундар берилет;

• Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.


Кеңири маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 

тел.: (0312) 62-36-39, 625944  

факс: (0312) 62-36-39.

[email protected]

[email protected] 


Өмүрбек кызы Венера тел. WhatsApp 0773819898, 0555990488 (каб. 3)


Бакеев Ринат Аскарбекович тел. WhatsApp 0558700087 (каб. 213)

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн