Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен маалымдашты.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн