Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкө аймагында жамгыр жаайт, - 14-апрелге аба ырайы

14.04.2020 08:59
1129
Өлкө аймагында жамгыр жаайт, - 14-апрелге аба ырайы


Бүгүн, 14-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн