Кыргызстан боюнча 5 ай ичинде 828 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6% азайган. Тилсиз жоодон 21 адам куткарылган.
Кошумчалай кетсек, 15-июнь күнү Кыргызстандын өрткө каршы кызматы түзүлгөнүнө туура 94 жыл болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн