Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:20
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Республикада COVID-19дан 1170 адам сакайып, 562 адам дарыланууда

31.05.2020 10:33
1123
Республикада COVID-19дан 1170 адам сакайып, 562 адам дарыланууда


Бүгүн, 31-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алып, ооруканада дарыланып жаткан 562 адам бар. Алардын ичинен абалы оорлошкон 5 бейтап реанимацияларга жаткырылган.


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдиргендей, жалпысынан 1748 учур катталса, айыгып чыгарылганы 1170 адам, каза болгону 16.


Үсөнбаев маалымдагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды: Бишкек шаары – 3, Ош шаары – 1 жана Нарын облусунда – 2.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 350 учур катталды, алардын ичинен 249 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн