Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Республикада абал туруктуу, товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү

10.03.2020 09:27
858
Республикада абал туруктуу, товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү


Жалпысынан республика боюнча абал туруктуу, бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.  


Президент жолугушууда тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын ишинин максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

 

Штабдын негизги милдеттери — дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин эске салды.


Мамлекет башчысы Республикалык штаб негизги көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга, эл керектеген товарларды өндүрүү жана ташып келүү менен алектенген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга бурушу керектигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн