Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Республикада коронавирусту аныктаган 9 лаборатория иштеп жатат

07.04.2020 15:16
1053
Республикада коронавирусту аныктаган 9 лаборатория иштеп жатат

Республика боюнча коронавирус илдетин аныктаган 9 лаборатория иштеп жатат. Зарыл болгон бардык тест-системалардын болушу лабораториялардын толук кубаттуулукта иштөөсүн жана бардык тоңдурулган биоматериалдар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймактарын тест-системалар, дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча туруктуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 


Республиканы зарыл болгон дары-дармектер, тест-системалар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүшү шарт. Биз убакытты тесттерди күтүү менен кетирбешибиз керек. Бул иштер туруктуу жүргүзүлүп, өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алуу боюнча иштерди тездетүүсү керек”, - дейт К.Боронов.


Ал белгилегендей, тармактык кызматтар тоңдурулган биоматериалдар боюнча иштерди аяктап, байланышта болгондордун баарын тестирлөөдөн өткөрүп, үй карантинин сактоо боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл. Бардык процедураларды сапаттуу жана максималдуу натыйжалуу аткаруу маанилүү. 


Штабдын жыйынында ыкчам бригадалардын иши үчүн жакшы шарттарды түзүү, анын ичинде унаа жана ысык тамак менен камсыз кылуу зарылдыгына, мүмкүн болгон шартта мындай бригадалардын санын көбөйтүүгө зор көңүл бурулду.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация үчүн жаңы жайларды даярдоо боюнча иштерди тездетүү милдеттендирилди. Тармактык органдарга коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык тейлөө кызматкерлерине кошумча өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө берүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.


Финансы министрилигине Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тийиштүү иштерин каржылоону өз убагында камсыздоо тапшырылды. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн