Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Республикадагы 104 мамлекеттик ишкананын жарымынан көбү иштейт

27.06.2020 15:18
1083
Республикадагы 104 мамлекеттик ишкананын жарымынан көбү иштейт


Мамлекеттик менчик натыйжалуу пайдаланылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүгүн арттыруу – КР өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 104 мамлекеттик ишкана бар, алардын ичинен жарымынан көбү иштейт. 52 акционердик коомдун 19у мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт.

Демек, мамлекеттик баланстагы 40% объекттер иштебейт. Бул маанилүү маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкарууну өркүндөтүүнүн айкын жана натыйжалуу механизмдерин киргизүү керек", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, ар бир объекттин ишмердүүлүгү каралат. 

«Көптөгөн мамлекеттик ишканалар бюджетке жана экономикага киреше алып келбейт. Ошол эле учурда аларды кайра иштетүү үчүн ар кандай куралдар бар. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Бул аркылуу чыгашалуу ишканаларды кайрадан иштетүүгө болот, жумуш орундары түзүлөт жана салык көбөйөт, киреше түшө баштайт. Көпчүлүк ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү жетекчиден жана жалпы менеджменттен көз каранды. Ошондуктан мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн жер-жерлерде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл. Биз KPI системасы боюнча ар бир башчынын жана компаниянын ишине деталдуу талдоо жүргүзөбүз, анын жыйынтыгы боюнча аларга карата тийиштүү чаралар көрүлөт», - деп белгиледи премьер-министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн