-
Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул багытта аткарылган иштер өзүмдүн көзөмөлүмдө болот, деп билдирди премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышы керек.
"Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплекстүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү”, - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн