Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Республикалык штаб COVID-19дун белгилери байкалган адам эмне кылуу керектигин түшүндүрдү

06.07.2021 11:48
803
Республикалык штаб  COVID-19дун белгилери байкалган адам эмне кылуу керектигин түшүндүрдү


Республикалык штаб COVID-19 анын ичинде жаңы коронавирус инфекциясы тарабынан пайда болгон симптомдорду аныктаган жарандар үчүн аракеттер алгоритмин сунуштады.


Эгерде силерде бир же бир нече симптомдор пайда болсо:

– дене табынын жогорулашы

– кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу

– даам жана жыт сезүүнүн жоголушу  

– ичтин суюк өтүшү

– алсыздык, терчилдик

– муундардын сыздашы, булчуңдардын орукусунуусу.

►Үйдө болгула,

►Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочо болгула (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдүн ичинде ары-бери жүрүүнү чектегиле),

►Гигиенаны сактагыла (беткап тагынгыла, колду тез-тезден жууп тургула, өзүнчө идиш-аяк колдонгула, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип тургула),

►118ге же үй-бүлөлүк дарыгерге (ҮМБ) чалгыла, же СМС жөнөткүлө жана силерде симптомдордун бар экендиги тууралуу кабарлагыла.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн