2020-жылдын 26-марты саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта 15:00дө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.
Пикирлер (3)