Россиянын Новосибирск шаарында келе албай жаткан кыргыз жарандарын мекенине алып келүү боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги атайын иштерди алып барууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 30-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 29-мартта 401 жаран алынып келип, алар Бишкектеги 3
мейманканага абсервацияга жаткырылды. Учурда дагы билети бар, бирок кайта албай
жаткан чет жактагы адамдарды алып чыгуу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер
министрлиги Элчиликтер, Консулдуктар менен бирге аракеттерди көрүп жатат.
“Автотранспорт менен келем дегендерге
эскертерим, убара болбосун. Чек арадан өткөрбөй жатышат. Автоунаа менен келе жаткандардын
бары артка кайтып жатышат”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн