Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат

28.02.2020 10:25
616
Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат


Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.


27-февралга карата өлкөдө коронавирустун чыккан учуру катталган жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.


Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга көзөмөл салып, мониторинг жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болууда.


Бүгүнкү күндө Япония, Түштүк Корея, Иран, Кытай Эл Республикасынан, Италиядан (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) келгендердин баары милдеттүү карантинден өтүшөт.


Штабдын мүчөлөрү жарандарды социалдык тармактарда тараган божомолдорго эмес, расмий билдирүүлөргө ишенүүгө чакырат. Мындан тышкары штабдын мүчөлөрү жарандарга эл көп жыйналган жерлерге барбоо, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, өздүк гигиена эрежелерин кынтыксыз сактоо, балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чараларын сунушташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн