Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб алдыдагы шайлоого карата шайлоочуларга эпидемиологиялык санитардык шарттарды сактоону сунуштайт.
"Урматтуу шайлоочулар жана шайлоо процессинин катышуучулары!
2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештин депутаттарына шайлоо болуп өтөт.
COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабы бардык жарандардан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону суранат:
беткап тагынуу;
социалдык аралыкты сактоо;
колду антисептика менен тазалоо",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн