Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:41
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Шайлоо-2020: Республикалык штабдын сall-борборуна жарандардан 52 чалуу түштү

04.10.2020 11:24
867
Шайлоо-2020: Республикалык штабдын сall-борборуна жарандардан 52 чалуу түштү

Бүгүн, 4-октябрь саат 10:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 чалуу болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, негизинен чалуулар шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашы, айрым жарандар өздөрүн тизмеден таба албай жатканы боюнча болууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки 8:00дон баштап иштеп жатат. Кечки 20:00го чейин чалууларды кабыл алат.

Шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн