Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Республикалык жугуштуу оорукананын жаңы корпусу ишке берилди (видео)

26.10.2020 10:27
509
Республикалык жугуштуу оорукананын жаңы корпусу ишке берилди (видео)

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы корпус ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка караганда, өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануунун максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 койка-орунга ылайыкташкан кошумча корпус курулду. Жалпы аянты 2 миң 310 чарчы метрди түзгөн объекттин курулушу 2020-жылдын 23-июлунда башталган.

Жаңы клиника жугуштуу оорулар ооруканасына көрсөтүлгөн бардык талаптар боюнча салынды.

Ооруканага 180 бирдикке жакын медициналык шайман, эмеректер, тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир көчмө рентген аппараты, 10 өпкөнү жасалма дем алдыруучу, 20 ВИПАП аппараты, 62 кычкылтек менен каныктыруучу шайман, 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык шайман, бейтаптын абалын 26дан ашуун жеке көзөмөлдөө жана 1 көчмө УЗИ аппараты орнотулду.

Кайра жандандыруу бөлүмү залдан жана изоляцияланган интенсивдүү терапия боксторунан жана бөлмөлөрдөн турат, алар ыкчам реанимациялык иш-чараларды күнү-түнү жүргүзүүнү камсыздайт. Кайра жандандыруу бөлүмүнүн кубаттуулугу – 30 койка.

Дарылоочу жана реанимациялык бокстор заманбап жабдыктар жана жашоону камсыздоочу шаймандар менен жабдылган, анын ичинде бейтаптардын абалын туруктуу көзөмөлдөө жабдыктары бар. Бардык бөлмөлөргө борборлоштурулган кычкылтек берүү уюштурулду. Корпуста изоляцияланган бокстор, жарым бокстор жана реанимация бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн