Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери А.Закиров коронавирустан көз жумду

17.07.2020 12:34
1212
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери А.Закиров коронавирустан көз жумду


Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Закиров Шайназар Абдыкеримов бүгүн, 17-июлда коронавирус илдетинен көз жумду. Бул тууралуу коомдук ишмер Султан Раев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.


“Шайназар биздин инибиз, өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында өзүнүн адамдык, дарыгерлик миссиясын аткарып, адам өмүрү үчүн күрөштү. Бирок өзүн ал оорунун чеңгээлинен сактай албады. Оорунун ордосунда болду акыркы өмүр ирмемине чейин. Канча адамды ажалдан арачылап калды. Анын элесин ошол адамдардын түбөлүк эстутумунда жашайт”, - деди Раев.


Ошондой эле ал маркумдун нурлуу жайдан орун алып, топурагы торко болуусун дуба кылды.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн