Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Реванш: UFC уюму Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун мушташы качан болорун жарыялады

30.06.2023 10:24
1216
Реванш: UFC уюму Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун мушташы качан болорун жарыялады


UFC мушташ боюнча абсолюттук чемпиондуктун жеңил салмактагы чемпиону наамы үчүн Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун реваншын жарыялады. Маалыматты UFC уюму Twitter социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Беттеш АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында 16-сентябрь - Мексиканын Эгемендүүлүк күнүндө өтөт.


Эске салсак, март айында Лас-Вегаста (Невада) өткөн UFC 285 турниринин башкы беттешинде кыргызстандык Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун ортосунда жеңил салмактагы беттеш орун алган.


Валентина Шевченко титулду коргой алган эмес. Төртүнчү раундда атаандашы муунтуу ыкмасын колдонуп, жеңишке жеткен.


Валентина Шевченконун профессионалдык карьерасында 23 жеңиш жана төрт жеңилүү бар. Алекса Грассодо 16 жеңиш жана үч жеңилүү бар.

Теги

UFC

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн