Бүгүн, 12-апрелде Казакстандын борбору Астана шаарында Азия чемпионатынын алкагында Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты.
Ал өзбекстандык атаандашын 13 секундда жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Дүйнөнүн жана Азиянын учурдагы чемпиону Япониялык балбан Нонока Озака менен күрөштү.
Бул жолу Тыныбекова реванш алып, финалга чыкты.
Финалда кыргызстандык спортчу Монголиядан келген атаандашы менен алтын үчүн күрөшөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн