5-6-октябрда Нарында көтөрүлгөн эл, элди эзген чиновниктерди, укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылып, бир тобу өз эрки менен арыздарын жазган. Эми ошол жетекчилердин айрымдары Башкы прокурорго арызданып, 5-6-октябрдагы окуянын атбашылык активдүү катышуучулары суракка чакыртылып, соттолосуңар деген коркутуулар болуп жатыптыр.
Эгер 4-октябрь түнү биринчилерден болуп түз кайрылуу жасап, Ат-Башы, Нарындан колонна-колонна болуп Бишкекке чыкпаганда кандай болот эле? 9-октябрда Атамбаев Форумдан түшүп келгенде, топтун алдында туруп, жарып берип, аларды куугандын көбү ким экенин бул плакаттан эле көрүүгө болот. (7-апрелде дагы каза болгон 80 баланын жарымы нарындыктар эле).
5-6-октябрда көтөрүлгөн элдин арты менен бийликке келгендер элди таарынтып албасаңарчы. Жаз бар, күз бар, Жетим-Тоо, логистикалык борборлор бар дегендей...
Марат Тагаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн