Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Революциядан кийин кызматка баруу менен байып алуунун амалын издөөгө жол жок!

04.02.2021 12:18
666
Революциядан кийин кызматка баруу менен байып алуунун амалын издөөгө жол жок!

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө, айрым сайттарда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев камакка алынышы мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар чыга баштады. Маалыматка караганда финполициянын жетекчисине карата бир катар ишкерлердин берген көрсөтмөлөрү бар. Алар С. Жапыкеевдин пара талап кылганын билдиришкен.



Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты да Жапыкеевге карата жакынкы күндөрү мыйзам алкагында чара көрүлө турганын билдирип чыкты. Анын айтымында Жапыкеев «Жумалиев казынага 100 миллион сом жана 800 миң доллар төлөп берейин, менин балдарымды чыгар» деп жазган социалдык түйүндөгү посту жалган. «Жапыкеевге бардык мыйзамдуу чаралар көрүлөт, себеби маанилүү кызматты ээлеп отурган адам жалганды айтып жатат. Ошол эле убакта өзүнүн айткандарын бир дагы документ менен бекемдеген жок. Ал Жумалиевдин репутациясына зыян алып келүүдө», - дейт адвокат Бактыбек Жумашев.


Ушундан улам Жапыкеевдин төбөсүнөн кара булут айланып калганын баамдоого болот. Албетте, алдын-ала аны күнөөлүү деп айтууга болбойт. Анын ишкерлерден пара талап кылганы жана алганы канчалык деңгээлде чындык экенин тиешелүү укук коргоо органдары иликтеши керек. Ошол эле убакта Жумалиев тууралуу айткандарына да юридикалык баа берилет. Ошондон кийин гана анын канчалык деңгээлде мыйзам бузууларга барганы айкын болот.


Бирок, ушул көрүнүш жаңыдан кызматына киришкен өкмөт мүчөлөрү үчүн сабак болууга тийиш. Революция жолу менен бийликти алмаштырып, анан бакыйган кызмат орундарына келип, анын арты менен жеке материалдык кызыкчылыктарын канааттандарууну көздөгөндөргө жол берилбейт. Революция ошол күндөрү көчөдө кыйкырып жүргөндөрдүн кызматка отуруусу жана алардын тез арада байып кетүүсү үчүн жасалбайт.


Бүгүнкү бийлик башында тургандар коррупцияга каршы күрөштө өздөрүнүн өтө жакын адамдарын да аябай тургандыктарын көрсөтүшүүдө. Буга чейин Садыр Жапаровдун жанында жүргөн Мелис Аспековдун 250 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы буга мисал. Революция жолу менен эски коррупционерлерди кетирип, ордуна жаңы коррупционерлерди алып келүүгө болбойт. Андыктан ар бир мамлекеттик чиновник кызматка келгенге чейин кандай мүлктөргө ээлик кылып келген болсо, кызматта отурган кезинде да андан башка жаңы мүлктөрдүн ээси болуп калууга жол берилбеши керек. Себеби, мамлекеттик чиновниктердин алган айлык акылары менен кандайдыр бир жаңы кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга мүмкүн эмес. Ушуну ар бир чиновник көңүлүнө кыттай куюп алганы дурус болот.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн