Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Революциядан кийин "калганын өздөрү чечип алышсын, кыйшайса алып түшөбүз" деп кетип калышат

16.09.2021 10:35
3029
Революциядан кийин "калганын өздөрү чечип алышсын, кыйшайса алып түшөбүз" деп кетип калышат


Биздин Президенттерди дайыма айланасындагы жакын адамдары элден обочолонтуп салат. Биринчи Президентти мамлекеттик катчысы менен пресс-катчысы күндө теледен чыгып, "ой, кызматты эңсеген бир ууч топ эле ар кайсы жерде нааразы болуп жүрөт. Элдин жашоосу укмуш. Кошуналар бизге суктанып жатышат, бизден 20 жыл артта калып кетишти. Биз жакында Швейцария болобуз"- деп жүрүшүп, жыйынтыгында мекенинен элге көрсөтпөй, килемге ороп качырып кетишти.


Экинчи Президентти администрациясынын башчысы чогуу революция кылган пикирлеш, санаалаштарынан бөлүп, элден обочолонтуп, жыйынтыгында өзү оппозицияга өтө качаарда билинип калып, жыйынтыгы өкүнүчтүү болду. Ал эми ошол Президенттин бүгүнкү тагдыры баарыбызга белгилүү. Андан кийинкилери да ошондой эле абалда. Бир шылуун пайда болот, падышанын үй-бүлөсүн колго алат, аны ар тараптан курчап, көзүн сокур, кулагын дүлөй кылып алып, өзү каалагандай башкарып, жеке кызыкчылыгына мамлекетти каалагандай калчаган фарид-марид, шоопур, жан-сакчы, күйөө бала, куда, канайым, балдыздар башкарып, падышага мамлекетте мындай адилеттүү башкаруу такыр болбогонун, элдин тооктору алтын жумуртка тууп баштаганын, торгойлор койлордун үстүндө балапан чыгарып жатканына падышаны ишендиришет.


Бир күнү эле "жыргал" жашоодон тажаган эл "зеригип, эригип" кеткенинен улам "ээлигип" келип, "жыргал" жашоо тартуулап жаткан "адилет" жана "көсөм" падышаны таш менен кууп салышат. Бирок, анын ордуна ким келгенин эч качан көзөмөлгө алышпайт. Биздин эл байоо, тээ Кокон хандыгынан бери ушундай. Ханды кууп чыгып, калганы биздин иш эмес, кимди тандаарды биз билбейбиз, ушул жерде өзүн элита атаган жоон топ чечсин, эгерде жолдон адашса, кайра алмаштырып коё беребиз да деп тоо таяна кете беришкен.


Азырга чейин кыргыз ошентип жашайбыз. Жада калса, депутат шайлаганда да унчукпай добуш берип, эгерде жолдон кыйшайса, бир тууганы болсо да, эшигин тээп кирип келип, жакадан алып, эшикти көздөй сүйрөп жөнөйт. Элибизден айланса болот. Элибиз акыйкаттык, адилеттик бузулушуна эч качан чыдабайт. Эң акыркы сөзү: "Ал ким экен, Кудаяр хан болуп калыптырбы, көрөлүчү"- дейт. Ушул сөз чечүүчү, элди бириктирүүчү сөз...


Абдишарип Бекилов, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн