"Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын жубайы анын Түркияга алынып кеткени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инанды өзүн кыргыз жараны катары бул жерде өзүн коопсуз сезген.
"Аты айтып тургандай эле ал аябай ишенчээк адам эле.
Ал жоголгон күндөн тарта биз бийликтеги тааныштарыбызга күч органдарына кайрылдык. Алар издеп жатабыз деди. Чет мамлекетке чыгарылган эмес, Түркияга Орхан Инанды аттуу жаран кирбеген деген маалымат бар экенин айтышты.
Мен дагы ага ишенип, сөзсүз, Кыргызстандан чыгат деп ишенгенмин.
Орхан бейди коргоо бийликтин иши. Анткени ал кыргыз жараны. Мамлекет өзүнүн жаранын эми Түркиядан алдырып алышы керек. Мен дагы эле ишене албай турам",- деди Рейхан Инанды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн