Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Рейс кармалган учурда жүргүнчү авиакомпаниядан эмнени талап кыла алат?

24.01.2024 11:49
264
Рейс кармалган учурда жүргүнчү авиакомпаниядан эмнени талап кыла алат?


Кыргызстанда дээрлик ар бир экинчи жүргүнчү каттамынын кармалуу көйгөйүнө дуушар болот. Рейстин кармалышына көбүнчө аба-ырайынын күтүүсүз өзгөрүлүшү, техникалык маселелер жана башка ушул сыяктуу көгөйлөр себеп катары айтылып келет. Мындай учурда жүргүнчү авиакомпаниялардан эмнелерди талап кыла алат?

16-январында "Ош" аэропортун коюу туман каптап, айрым авиакаттамдар учуп-коно албай калышкан. Бишкек-Ош багыты боюнча сегиз жана эл аралык рейстерден Ош-Стамбулдун бир каттамы кармалган. Мындай көрүнүш 20-январда да кайталанган. 

Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине ылайык, рейстердин кармалууусу авиакомпаниянын күнөсүнөн улам болсо, алар жүргүнчүгө төмөндө айтылган кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү. 

 Жети жашка чыга элек баласы барларга бөлмө ажыратуу


Эгерде рейс эки саатка кечиксе, авиакомпания жүргүнчүгө эки жолу акысыз телефон чалуу жана электрондук кат жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бериши керек. Андан сырткары алкоголсуз суусундук, ысык чай, кофе менен камсыз кылууга тийиш. Багаж үчүн жай камсыздоого жана жети жашка чейинки жаш баласы менен учкан жаранга атайын бөлмө берүүгө милдеттүү.


Кармалуу убактысы төрт сааттан ашса, анда авиакомпания күндүз ар алты саат сайын, түнкүсүн ар сегиз саат сайын ысык тамак-аш менен камсыз кылууга милдеттүү.

Ал эми чет өлкөлөрдө рейс жылдырылган болсо компания жүргүнчүлөрдү аэропорттордун атайын мейманканадагы бөлмөлөрү менен камсыздайт. Азырынча Кыргызстанда абадан ташуу эрежелеринде мындай пункт жок.


Сиз уча турган рейстин кармалуусу авиакомпаниянын күнөөсүнөн улам болсо, алардан компенсация өндүрүп алууга акыңыз бар. Анын суммасы рейстин канча убакытка кармалганынан байланыштуу болот. Мисалы, өлкө ичиндеги каттамдын кечигүү убактысы төрт саатка жетсе, жүргүнчү сатып алган билетинин 10%ын өндүрүп ала алат. Эгерде эл аралык каттам болсо 25%ын компенсация катары талап кылганга акылуу.

Жүргүнчүгө кенемте каттам авиакомпаниянын күнөөсү менен кечиккен шартта гана төлөнөт. Аба ырайына, борттогу тартипти бузууга же авиакомпанияга көз каранды болбогон башка жагдайларда берилбейт.

 Альтернативдүү каттам сунуштоо


Рейс авиакомпаниянын өзү тарабынан жокко чыгарылган болсо, анда ал жүргүнчүгө альтернативдүү каттамды сунуштап же билеттин акчасын кайтарып бериши керек. Кыргызстандын авиациялык эрежелерине ылайык, авиакомпания рейстердин белгилүү же белгисиз убакытка кармалуусу боюнча жүргүнчүлөргө алдын-ала  эскертип, каттамдын кармалуусунун себебин түшүндүрүшү шарт.

Булак: T-Media

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн