Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Рысбек уулу Талантбек: “Бишкекте тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып, калааны өнүктүрөбүз”

06.04.2021 12:50
1715
Рысбек уулу Талантбек: “Бишкекте тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып, калааны өнүктүрөбүз”


Бишкек шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын ичинен “Эмгек” саясий партиясы өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон саясий уюмдардын бири катары колдоочуларынын катары калыңдоодо. Бул партиянын алдына койгон реалдуу, конкретүү жана келечектүү пландары бар. Ал пландарды ишке ашырууга демилгелүү жаштар, тажрыйбалуу кесипкөй, эмгектин бардык баскыстарын басып, турмуштун ысык-суугун көргөн аткаруучулары бар экенин өзгөчө белгилей кетүү керек. Мына ушундай инсандардын бири Рысбек уулу Таланбек менен кыскача маек курдук. 

Саламатсызбы Талантбек мырза, алгач эле өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.


Саламатчылык, мен 1981-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында туулгам. Нарын шаарындагы мектептердин биринен орто билим алып, 1998-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Трнаспорт жана Архитектура университетин экономист факультетинин бухучет жана аудит адистигине тапшырып, 2003-жылы окууну ийгиликтүү аяктадым. 2002-жылдан 2011-жылга чейин жеке ишкерлик кылып, 2011-2012-жылдары “Риелт-Ордо” ЖЧКсынын башкы директору болип иштедим. Учур да дагы жеке ишкерлик менен алектенип жатабыз. 


Таланбек мырза, айтсаңыз сиз депутаттыкка аттанып жаткан ийгиликтүү жаштардын бирисиз. Негизи эле ушундай ийгиликке жеткениңиздин сыры эмнеде?

Көп сүйлөгөндү эмес, көп иштегенди жакшы көрөм. Негизи чынчыл, тартип, тактык, башкалар менен бат тил табышып жана жоопкерчиликтүү болуу сапаттарымго деп ойлойм.


Сиздин келечекке болгон кандай пландарыңыз бар?

Кыргызстаныбызды өнүгүшүнө жана элибиздин жашоо турмушунун жакшырышына өз салымымды кошуу башкы максатым. Ошондуктан “Эмгек” партиясы түзүлгөндөн бери эле, элибизге, мамлекеттибизге кызмат кылсак деген максат, тилек менен ушул партия менен бирге элибиз үчүн жакшы ар кандай иштерди кылып келе жатабыз. 

2015-жылы партиябыздын атынан Кочкор районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп чыгып, анда алдыма бир топ чоң максаттарды койгом. Тилекке каршы, шайлоодо биз ойлогондой жыйынтыктар болбой, максаттарыбыз ишке ашпай калган эле. Мына бүгүн да ошол максаттарды ишке ашырайын деген үмүттө Бишкек шаардык кеңешине депутаттыгымды коюп жатам. Максатым депутат болуп, креслодо отуруш эмес. Башта айтып кеткендей эле шаарыбызды өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Эгер жүрөгүңдө эл, элге деген жакшы ниеттин болсо, депутат, мэр же министр болбой туруп деле жардам кылсаң болот. Бирок, элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, алардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды жазып жана көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү керек да. Тагыраагы, эффективдүү шаардык башкарууну орнотуп, шаардагы тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, спорт тармагындагы талантуу балдарга мыйзам чегинде ар тараптан колдоо көрсөтүшүбүз керек. 


Сиз шаардык кеңешке депутат болуп келсеңиз эң алгач кайсы маселелерди көтөрөсүз?

Шаарыбызда патрулдук милициялар өздөрүнүн ишмердигин алып барып жаткандыгына карабастан, бишкектиктер жана сырттан келген коноктор өздөрүн толугу менен коопсуз сезишпейт. Ошондуктан биздин “Эмгек” партиясы ушул көйгөйдү чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, шаардагы микрорайондорго, калктуу конуштарга жана эл көп чогулган жерлерге видеобайкоо камераларын орнотууну сунуш кылып жатат. Бул өз кезегинде кылмыштуулукту алдын алууда жакшы натыйжа берерин башка өлкөлөрдүн практикасынан көрүп жатабыз. Эң негизгиси бишкектиктердин коопсуздугу барынан жогору болсун деп жатабыз. 

Ошондой эле бүгүнкү күндө социалдык жардам алуу үчүн көптөгөн справкалар талап кылынат. Биз ченемдик укуктук базаны өзгөртүп, бул процедураны жөнөкөйлөтөлү деп жатабыз. Себеби, мындай кадамдарга баруу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды жое алабыз деп үмүт кылуудабыз. Аны менен бирге эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коопсуз кыймылдашы, жумушка орношуусу үчүн шарттарды түзөлү деп жатабыз. Андан сырткары Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданды Улуттук ат оюндары борборуна айлантабыз деп партиябыздын программасына киргиздик. Эгер биз ат майданды заманбап, эл аралык стандарттарга ылайык реконструкциялоодон өткөрсөк, бул эл аралык чемпионаттарды өткөрүүгө, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга шарт түзүүгө мүмкүндүк берет. 


Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, кааларыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.

Чоң рахмат. Сизге да бекем ден соолук, узун өмүр жана иштериңерге ийгилик каалайм. Бишкек шаарыбыз өсүп, өнүгө берсин!

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн