Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ден соолугун текшертүүнү талап кылды. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, министрдин аракети анын ден соолугунан күмөн санаткан.
"Ал Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды. Садыр Жапаровду Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөштү деди. Бирок ал да жалган болуп чыкты.
84 депутат президентке импичмент жарыялап, Башкы прокурорду кызматтан кетиргенге болот. Эмне үчүн 84 депутат министрдин кызматтан кетишин колдогон менен ал дагы деле иштеп жатат? Адамдар айтып жатат коронавирус кетпесе да, министр кетсин деп айтып жатышат",- деди Момбеков
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн