- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча демилгесине кандай көз караштасыз?
- Министрдин мындай кадамы – кыргыз медицинасына болгон чыккынчылык. Илгертен жакшы атка ээ болуп жүргөн кыргыз медицинасын биротоло жокко чыгарды. Мындан кийин анын саламаттык сактоо министрлигин жетектегенге моралдык акысы жок. Иса Ахунбаев, Зуфар Эгембердиев чыккан кыргыз медицинасын биротоло жок кылды. Дүйнөнүн бир дагы мамлекети аны дары катары эсептебегенден кийин, муну менен дарылап жаткан министрдин мындай ыймансыз, мыйзамсыз кадамдарына өкмөт башчынын, өлкө башчысынын унчукпай отурганы өкүнүчтүү. Бизди бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылды. Мындай адамды бир гана моралдык эмес кылмыш жоопкерчилигине тартканга толук негиз бар. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетиргенге чечим кабыл алышты. Буга мен да кошулам.
Мурдагы саламаттык сактоо министрлери, белгилүү инсандар Накен Касиев, Тилек Мейманалиев, Сабыр Жумабеков ж.б. дарыгерлердин башын салып отурганы, Кыргыз Эл Баатырлары Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов сыяктуу атактуу кыргыз медицинасынын көзгө көрүнүктүү адамдарынын ушундай жерде коркоктук кылышканы өтө өкүнүчтүү. Академик, докторлордун жалтак позициясы коомдун дагы деградацияга учураганын билдирет.
Булак:"Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн