Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Военно-Антоновка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтарын бир ай бою түшкү тамак-аш менен камсыздоону мойнуна алды. Бул тууралуу журналист Алмаз Темирбек кабарлады. Анын айтымында, бул үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган сыркоолор көп болгондуктан, врачтар түнкү саат 12-1ге чейин капельница коюп иштеп жатышыптыр. Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 35-40 медкызматкери эмгектенет экен.
“Андан
сырткары медициналык керектүү анча-мынча жабдыктарды, эки пульсоксиметр
(медицинский контрольно-диагностический прибор для неинвазивного измерения
уровня сатурации кислородом капиллярной крови) алып берди”, - дейт А.Темирбек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн