Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Рыскелди Момбеков партиядан эмес, жетекчилик кеңештен чыккан, - Султанбеков

28.05.2020 16:26
1240
Рыскелди Момбеков партиядан эмес, жетекчилик кеңештен чыккан, - Султанбеков


Депутат Рыскелди Момбеков КСДПдан чыккан эмес, болгону партиянын жетекчилик кеңешинен чыгып кетти. Кундуз Жолдубаева менен Асель Кодуранова боюнча да ушундай айтса болот, деп билдирди партиянын мүчөсү Темирлан Султанбеков.


Анын билдирүүсүндө, Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишке байланыштуу ротация кыйынчылыкты жаратты. Партиядан Адил Турдукулов, Мээрбек Мискенбаев жана Адилет Айтикеев чыккан. Ошондуктан партия ичинде жик пайда болду деп айтууга болбойт, тескерисинче партия чыңдалып жатат.


Ал эми депутат Ирина Карамушкина тууралуу айта турган болсок, биз анын үйүндө конокто болдук, кыргыздын патриоту экени бизди дагы бир жолу таң калтырды: дубалында комуз, Манастын, Каныкейдин портреттери, Кыргызстандын картасы жана башкалар илинген экен. Анын партиядан чыгып кеткени калп, биз биргеликте иш алып бара бермекчибиз”, - деди Темирлан Султанбеков.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Марлен
Калпты бетке айткан, адилеттуу элге кызмат кылган инсан, добушумду берем.