Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Рыскелди Момбеков: "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн сайын өлкөнүн үлүшү азаюуда

25.02.2021 11:23
1117
Рыскелди Момбеков: "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн сайын өлкөнүн үлүшү азаюуда

"Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн сайын өлкөнүн үлүшү азаюуда. Мындай пикирин ЖК депутаты Рыскелди Момбеков  Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


"Мындан эки жума мурун ушул жерде "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлдү эле. Депутаттык комиссияга мамлекеттик комиссия деген макам берилиптир. Орто жолдо анын төрагасы дагы шайланыптыр, мага чалган, мени чакырган да киши жок. Азыр элге эки гана нерсе керек. Элге азыр канча алтын калды, канчасын сатып салды, канчасын катып алды, канча акционер, канча коррупционер бар деген эле маалымат керек. "Кумтөр" боюнча канча комиссия түзүлдү, бирок комиссия түзүлгөн сайын эле Кыргыз мамлекетинин үлүшү азайып жатат. Анда комиссия түзүүнүн эмне кереги бар? Эмнеге Кыргыз мамлекетинин үлүшү азайды? "Кумтөр" маселесинин чыры көп, чырынан да сыры көп. Эч ким этегине чыккан жок. Жашыруун нерселер болсо жашыруун деп жазып бериңиз. Менин оозум ачыгыраак, элдин баарына жайып жиберип камалып кетпейин",- деди Момбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн