Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксист айдоочуну сабаганы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-сентябрда Чүй проспектисинде болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Рыскелди Момбеков жанындагы жан сакчысы менен таксистти сабаган. Ал Биринчи Май райондук милициясына кайрылган.
Иш "Бейбаштык" беренеси менен КЖБРне катталган.
Азыркы учурда жабыркоочуга карата соттук-медициналык экспертиза даярдалууда.
Пикирлер (1)