Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Рыскелди Момбеков жана Ирина Карамушкина КСДПдан чыкты

27.05.2020 11:29
1048
Рыскелди Момбеков жана Ирина Карамушкина КСДПдан чыкты


Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Адил Турдукулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) чыкты. 


Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдиргендей, 26-майда партиянын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, анда ушул тапта камакта жаткан экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да партиянын катарынан чыкканы белгилүү болгон.


«Партиянын, өзгөчө саясий кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда чечилгис карама-каршы ойлор түптөлүп калыптыр. Ошондуктан партиянын ичинде бир пикирге келүү оор, керек болсо мүмкүн эместей сезилди. Ошондуктан мен партиядан чыгууну чечтим. Менин пикиримде жаңы партия түзүүнүн кажети жок болчу. Тескерисинче, тарыхы бар партияны күчтөндүрүүгө аракет кылыш керек эле», - деген Турдукулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн