Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Рыскулова Венера Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

21.09.2021 13:47
410
Рыскулова Венера Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды



Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды. Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, бүгүн, 21-сентябрда кол койгон.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган. 



- 2004-2010-ж.ж. - «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы – директордун орун басары;

- 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү - башкы адис;

- 2014-2016-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү – бөлүм башчынын орун басары;

- 2016-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмү - Пресс-катчы;

- 2016-ж. - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү - башкы адис;

- 2016-2017-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнө бириктирилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобу (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгы) - башкы адис;

- 2017-2018-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү – референт;

- 2018-2019-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү – Референт;

- 2019-ж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын регламент жана Өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү – Референт;

- 2019-2021-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары сектору – Референт;

- 15.04.2021 - бүгүнкү күнгө чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү -Эксперт.

Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн