Бүгүн, 23-октябрда мурдагы депутат Асия Сасыкбаева жана жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартова 48 саатка камалды. Бул тууралуу Уланбек Турдалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн бир топ саясатчы жана активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин ИИМге жеткирилген.
Ал эми Ички иштер министрлиги Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси "Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу" менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан билдирген.
Ошондой эле атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган кошумчалап,КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын тастыктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн