Россияда рок ырчы Земфиранын концертинде бир адам каза болду, деп билдирди "Известия" басылмасы.
Маалыматка караганда, окуя Санкт-Петербург шаарындагы «Севкабель Порт» аянтында рок ырчысы Земфиранын концерти учурунда болгон. Анда концерт көрүү үчүн келген эркек кишинин жүрөгү кармап, каза болгон.
Аны көрүүчүлөрдүн арасынан эс учун жоготкон абалда алып чыгышкан. Нөөмөттө турган медициналык кызматкерлер аны эсине келтирүүгө аракет кылышкан.
Земфиранын чыгармачылыгынын сүйүүчүсү тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн