Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Роналдуга эки командадан чакыруу түштү

25.03.2020 15:16
730
Роналдуга эки командадан чакыруу түштү


Чабуулчу Криштину Роналду “Ювентус” командасынан кеткиси келип жатат. Португалиялык футболчуну өз катарына кошконго “Пари Сен-Жермен” жана “Манчестер Юнайтед” командалары кызыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Роналдунун “Манчестер Юнайтедке” өтүүсү көбүнчө англиялык команданын Чемпиондор Лигасына чыгуусунан көз каранды. Ал “МЮнун” катарында 2003-жылдан 2009-жылга чейин ойногон.


Криштиану “Ювентуска” 2018-жылы жай айында “Раел Мадрид” командасынан 117 миллион еврого өткөн. 35 жаштагы футболчунун Италиянын командасы менен 2022-жылдын 30-июнуна чейин келишими бар. Футболчунун учурдагы трансфердик баасы 75 миллион еврого бааланууда.


Бул сезондо Роналду 32 оюнда 25 гол киргизип 4 голдук топ ашырып берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн