"Криштиано Роналдо Евро-2020 пресс-конференциясында Coca Cola’нын
бөтөлкөлөрүн алдынан алып салганы компаниянын наркын $4 миллиардга
түшүрдү", - дейт theathletic.com сайты.
Роналдо Португалия менен Венгрия командаларынын оюну алдындагы өтүп жаткан пресс-конференцияда алдында турган суусундуктарды жылдырып туруп, - “мындан көрө таза суу ичиш керек”, - деген. Атактуу футболчунун бул кылганы Coca Cola'нын базардагы наркына каттуу таасир берди.
Эмне болду?
Дүйшөмбүдө Европадагы биржалар ачылганда Coca Cola'нын бир акциясынан наркы $56.1 болчу. Пресс-конференциянын аягында баа $55.2 чейин түшүп кеткен. Бул Coca Cola компаниясынын жалпы наркын 4 млрд долларга арзандашына алып келген. Кийинчерээк акциялардын наркы кайра $55.29 чейин өсүп, компаниянын баасы $238.35 жеткен.
Coca Cola Роналдуга кандай жооп берди?
Coca Cola Роналдунун комментарийине “ар ким жактырган суусундугун тандоого укуктуу” жана "ар кимдин табитти жана каалаганы ар башка" - деп жооп берди.
Компаниянын өкүлү пресс-конференция алдында атлеттерге Coca Cola суусундуктары менен чогуу таза суу дагы берилерин кошумчалаган.
Эмнеге Роналду шекердүү суусундуктарды жактырбайт?
Роналду өзүнүн мыкты физикалык табынан жазбаш үчүн тамакты абдан мүнөздөп ичкен катуу диета карманары жана шекердүү азыктарды такыр керектебегени менен белгилүү.
Роналду баласынын Coca-Cola ичип, чипсы жегенин дагы жактырбасын, өз учурунда аны мурдагы футболист Райан Гигз шекер кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тарттууга ынандырганын айтканы бар экенин кошумчалайт incrussia.ru.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн