Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россия 1-декабрдан тарта буудайды экспорттоого тыюу салат. Бул Кыргызстанга кандай таасир этет?

10.11.2023 12:50
280
Россия 1-декабрдан тарта буудайды экспорттоого тыюу салат. Бул Кыргызстанга кандай таасир этет?


Россия өкмөтү 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин буудайды экспорттоого тыюу салууну пландоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору нормативдик актылар порталына жарыяланды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бул токтом долбоорунун Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ЕАЭБтин чечимдеринин алкагында ар бир мамлекет экспорттоого жана импорттоого мүмкүн болгон айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү боюнча өндүрүштүн болжолун жана калктын керектөөсү боюнча суроо-талап жана сунуштардын негизинде индикативдик баланс түзүлүп, чечим кабыл алынат. Бекитилген индикативдик суроо-талап жана сунуштарга ылайык, бардык мамлекеттер бекитилген көлөмдөгү товарларды жеткирүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алышат.

Айыл чарба министрлигинен бүгүнкү күндө Кыргызстанда катуу буудайдын көлөмү жылдын аягына чейин жетиштүү экендигин кошумчалашты.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, Россия буудайды экспорттоого чектөө киргизүү чечими үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү. Башкача айтканда, ЕАЭБтин алкагындагы келишимдер боюнча Россия Федерациясынан Кыргызстанга буудай данын жеткирүү токтогон жок жана чектөө болбойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өз кезегинде 2023-жылдын 12-сентябрында 6 айлык мөөнөткө буудайды жана унду экспорттоого тыюу салган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн